18.02.2021 №44 Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сарпбекова Айсулуу Абзалбековна, Турсунбаева Феруза Тажибаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Юлдашева Шахлохон Кеӊешбаевна, Итибаева Айсалкын Кийикбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Советалиева Рано Советалиевна, «Народное Собрание Кыргызстана» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Усупбекова Тилекбубу Тулогуловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дадабаев Тимур Бейшенбайевич, Эгембердиев Абдибали Козонович, Нармырзаев Асанкан Эргешбаевич, Кудайбердиев Касымбек Аканович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиев Эралы Арыкбаевич, Эшимбетов Айтыкул Сарыбаевич, Асанбаева Нурзада Алишеровна, Кыштообаева Сагипа Сагынбековна, Ташбаева Гулнара Рыскуловна, Арстаналы кызы Нурзада, Душебай кызы Айтолкун, Ажыкулов Рысбай Суйоркулович, Маматов Азамат Азамбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рысбеков Кубаныч Сатамбаевич, Музурет кызы Акылай, Тороева Гулбайра Райымбекова резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атыканова Чынара Кадыкеевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калманбетова Миргул Бекболотовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-февралы

44