21.02.2020 №55 2020-жылы 29-январда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10 – январындагы № 2 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Дорбаев Максат Кудаваевич катталган, талапкерди жергиликтүү кеӊештин депутаты сунуштаган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 29-январындагы протоколу менен Бел айылдык кеӊешиндеги 21 депутаттын 16 депутаты катышып, Дорбаев Максат Кудаваевич – 15 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 29-январындагы протоколу менен Дорбаев Максат Кудаваевич Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 29-январда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
1.2. Дорбаев Максат Кудаваевич Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Бел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 21 февралы
№ 55