“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,20-,24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,11- пунктчаларын, 73-беренесинин
1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 72 санындагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. «Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. «Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 9 -сентябры
№231