№7 “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими жөнүндө

2018-жылдын 12-июлунда “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын №6 чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандаты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка катталган  талапкерлердин тизмесинде “12” номуру менен катталган  талапкер А.Х. Парпиевге өткөрүлүп берилген.
2018-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - КР БШК) “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине катталган депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Э.Ш. Досиевден даттануу түшкөн, анда ал Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - БАШК) 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.
2018-жылдын 26-ноябрында А.Х. Парпиев “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” БАШКнын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими тууралуу маселени кароо өтүнүчү менен КР БШКга кайрылган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун 2018-жылдын 17-июлундагы чечими менен төмөнкү негиздер боюнча КР БШКга Э.Ш. Досиевдин даттануусун канааттандыруу жана “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” БАШКнын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгаруу сунушталды.
Э.Ш. Досиев даттануусунда анын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары укугу бузулганын, анткени “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган  тизмесинде ал “10” номуру менен тургандыктан, ал тизме боюнча кийинки талапкер болуп саналарын белгилеген.
Мында ал тизме боюнча кийинки кезектеги талапкер болгондуктан,  депутаттын бош мандатын ээлөөгө даяр экени тууралуу жана бош орунду башка талапкерге берүүнү сунуштоо жөнүндө партиянын чечимине макул эместиги тууралуу билдирип, мурда 2018-жылдын 5-июлунда БАШКга жана КР БШКга  кайрылган.
БАШК мандатты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А.Х. Парпиевге өткөрүп берүү учурунда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алган, ага ылайык:
Пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса, ал мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.
Мында БАШК Э.Ш. Досиевдин бош мандатты “кезексиз” талапкерге өткөрүп берүүгө макул эместиги тууралуу арызын көңүлгө алган эмес.
2016-жылы 11-декабрда шаардык кеңешке шайлоонун натыйжасы боюнча “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 8 мандат алганын белгилей кетүү керек.
Э.Ш. Досиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде №8 менен катталган жана 2016-жылы шаардык кеңештин депутатынын мандатын алууга анын укугу бар болгон. Ошону менен бирге, БАШК тарабынан Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон кийин катталган талапкерлердин тизмесинде Э.Ш. Досиевге карата кезектүүлүктү өзгөртүү чечими кабыл алынган – анын макулдугу менен №8 кезектүүлүгү №10го өзгөртүлүп, депутаттын мандаты башка талапкерге өткөрүлүп берилген. Э.Ш. Досиевдин айтуусу боюнча депутаттыкка катталган талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүк партиялык ички макулдашуулардын натыйжасында өзгөртүлгөн.
Учурда бош мандат пайда болгонго байланыштуу тизме боюнча кийинки талапкер - №10 менен турган Э.Ш. Досиев болуп саналат.
Ошол эле учурда тизме боюнча кийинки талапкер Э.Ш. Досиевдин пикири (макул эместиги) “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан эске алынбастан, Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө үчүн № 12 кезектеги талапкер А.Х. Парпиев сунушталган.
Мында депутаттын бош мандатын саясий партиянын тизмесинен саясий партиянын жетектөөчү органы сунуштаган № 12 талапкер А.Х. Парпиевге өткөрүп берүү учурунда талапкер Э.Ш. Досиевдин кезектүүлүгү маңызы боюнча кайрадан өзгөрүүдө.
Өзүнүн даттануусунда жана аны Жумушчу топтун жыйналышында кароо учурунда Э.Ш. Досиев катталган талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүктү маңызы боюнча кайрадан өзгөртүүгө жана мандатты башка талапкерге өткөрүп берүүгө макул эместигин билдирет, анткени ал тизме боюнча кийинки талапкер болуп саналат жана мандатты ээлөөдөн баш тарткан эмес (бул тууралуу 5-июлда Бишкек АШКга жана БШКга арыз берген), ал шаардык кеңештин депутатынын бош мандатын ээлөөгө жана шаардык кеңеште шайлоочулардын кызыкчылыктары үчүн иштөөгө  даярдыгын билдирет.
2018-жылы 6-декабрда КР БШКга (Кыргыз Республикасынын Президентине) Бишкек шаарынын  шайлоочуларынан кайрылуу түшкөн, катта алар “шайлоодо өз добуштарын “Өнүгүү-Прогресс” партиясына тизмеде №8 менен турган талапкер Э.Ш. Досиев үчүн бергенин, ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, орун алган көйгөй маселелерди көтөрүп, чечет деген үмүт менен өз добуштарын бергендерин” билдиришкен.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинде бош мандатты башка  талапкерлер ээлөөсү үчүн тизме боюнча кийинки талапкерлердин өз кезегин өткөрүп берүүгө макулдугу болбогон учурда кандай кылуу керек экени жөнгө салынбаган.
Бирок мында бош мандатты ээлөөгө кезектүүлүгүн  өткөрүп берүүгө макулдугу болбогон учурда талапкердин шайланууга конституциялык укугу бузулууда.
Партиянын депутат болууга өз укугун жүзөгө ашырууга укуктуу жана даяр, ал үчүн шайлоочулар добуш беришкен талапкердин позициясын эске албоосу ал талапкердин эле эмес, ал үчүн добуш беришкен шайлоочулардын дагы шайлоо укуктарын бузат.
52-беренеде (талапкердин макулдугу жөнүндө) чечмелөөнүн (деталдаштыруунун) жоктугу партиялар тарабынан бул ченемди талапкердин жана шайлоочулардын шайлоо укуктарын бузуу менен каалагандай пайдаланууга жол берүүгө тийиш эмес.
Бош мандатты “кезексиз” талапкерге өткөрүп берүү процесси өзүнүн укуктук мазмуну боюнча талапкерлердин катталган тизмесиндеги кезектүүлүктү өзгөртүү процесси болуп саналат. Ал эми кезектүүлүктү өзгөртүү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинде кезектүүлүгү өзгөртүлүп жаткан талапкердин макулдугу болушунун милдеттүүлүгүн белгилейт.
Мыйзамдарга ылайык шайлоо комиссияларынын биринчи кезектеги милдети – бул жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, талапкерлер, саясий партиялар үчүн укуктук тең шарттарды камсыздоо, ал эми шайлоо комиссияларынын ишиндеги негизги принциптер – бул мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптери.
Борбордук шайлоо комиссиясы бош мандатты өткөрүп берүү тууралуу чечим тизме боюнча № “10” менен турган Э.Ш. Досиевдин партиянын сунуштамасына ылайык талапкерлердин тизмесиндеги орунга (кезектүүлүк) башка талапкердин (Парпиев А. Х. - № “12”) талапкерленгенине каршы экенин эске алуу менен кабыл алынышы керек эле деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 52-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун 2018-жылдын 17-июлундагы чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Э.Ш. Досиевдин даттануусу канааттандырылсын.
2. “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечими жокко чыгарылсын.
3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6 чечиминин даттанылышын эске алуу менен шайлоо мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алсын.
4. Ушул  токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго тапшырылсын.
 
 
ТӨРАГА        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 31-январы,
№ 7