23.04.2021 №114 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-Көл шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 9 шайлоо участок түзүлгөн. Кара-Көл шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 7 саясий партия катталды, баары төмөнкү 7 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Замандаш» – 21,26% (7 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 15,88% (5 мандат); «Энергетиктердин» - 14,96% (5 мандат); «Бирге-Вместе» - 13,11% (4 мандат); «Ыйман Нуру» - 12,61% (4 мандат); «Мекен Ынтымагы» - 10% (3 мандат); «Ынтымак» - 9,02% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 15669 түзүп, анын ичинен 6397 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 40,83% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, ылайык 9 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 12-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Көл шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 23-апрели,
№ 114