“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формалары бекитилсин (тиркелет).
2. Протоколдор тиркелген разнарядкага ылайык атайын коргоолуучу кагазда кыргыз жана орус тилдеринде даярдалсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 2-февралы
№ 26