Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

№329 Р.П. Ремневду каттоодон баш тартуу жөнүндө

2017-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – БШК) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Ремнев Роман Павловичтен арыз келип түштү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Паспорттук маалыматтарына ылайык, азыркы учурда Р.П. Ремнев 34 жашта, буга байланыштуу Р.П. Ремнев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талапка жооп бербейт.

Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 50-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ремнев Роман Павловичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисинежүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 7-августу
№ 329