02.10.20 № 247 Базар-Коргон, Каракол, Ысык-Көл, Кадамжай жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Базар-Коргон, Каракол, Ысык-Көл, Кадамжай жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

         Базар-Коргон, Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.К. Калмурзаевдин, М.К. Омуракуновдун, Т. Омокееванын, Т.И. Исаевдин (каза болгондугуна  байланыштуу), А.Э. Садыбаковдун, А.М. Шамиеванын, А.К. Деркембаеванын, У.З. Джалманбетовдун, Р.К. Джетыбаеванын, С.С. Турсунакуновдун комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калмурзаев Айбек Кулмирзаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нышанов Капарбек Айтибекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Омуракунов Марат Калиевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омокеева Токтокан, Исаев Токтобек Исаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусуралиева Дамира Тентиевна, Мукамбетова Алтынкан Эраалиевна, Калыгулова Назира Уркалыевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «НУР» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Садыбаков Азамат Эсенович, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шамиева Анара Мусаевна,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Деркембаева Айжамал Керимбековна, Джалманбетов Улан Замирбекович, Джетыбаева Рахат Кылычбековна, Турсунакунов Сулайман Сагынбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сагындыкова Азиза Сагындыковна, Ишенбекова Азиза Бакытовна, Асаналиев Кайрат Муратбекович, Касымов Бекзат Камчыбекович, Атаев Акжол Сабырбекович, Калиев Асылбек Акылбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдимомунова Айзирек Абдимомуновна, Кошбаков Сапарбек Балтабаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Цой Вера Ирьевна, Мусурманкулов Байыш, Акматова Замирахан Кадыровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

          ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 2- октябры
№ 247