10.06.2021 № 385 2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 241 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун     Ак-Суу районунун Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Тепке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Айтбосунов Азиз Васкеевич катталган. Талапкер Тепке айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Тепке айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А. В. Айтбосунов -  11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Айтбосунов Азиз Васкеевич Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Акматов Камчыбек Токтогожоевич, Калмакиев Азамат Турсуналиевич катталган. Талапкерлер Каракол айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Каракол айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, К.Т. Акматов - 10 добуш, А.Т. Калмакиев – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Акматов Камчыбек Токтогожоевич Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 6-июнундагы Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Айтбосунов Азиз Васкеевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Акматов Камчыбек Токтогожоевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Тепке жана Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 10-июну

№ 385