«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 15 – 16-апрелине дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 27-марты
№ 39
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 27- мартындагы
№ 39 токтомунун
тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги
Чүй облусу
|
Катар № |
Айыл өкмөтүнүн аталышы |
Шайлоону өткөрүү датасы |
|
|
Жайыл району |
|||
|
Сары-Булак |
15.04.2013-жыл |
||
|
Чүй району |
|||
|
Искра |
15.04.2013-жыл |
||
Нарын облусу
|
Жумгал району |
||
|
Түгөл -Сай |
15.04.2013-жыл |
|
|
Жаны-Арык |
15.04.2013-жыл |
|
Баткен облусу
|
Лейлек району |
||
|
Жаңы-Жер |
15.04.2013-жыл |
|
|
Кадамжай району |
||
|
Чаувай |
15.04.2013-жыл |
|
|
Ак-Турпак |
15.04.2013-жыл |
|
Ош облусу
|
Алай району |
||
|
Гүлчө |
15.04.2013-жыл |
|
|
Чоң-Алай район |
||
|
Жекендин |
15.04.2013-жыл |
|
|
Ноокат району |
||
|
Кара-Таш |
15.04.2013-жыл |
|
|
Көк-Жар |
16.04.2013-жыл |
|
|
Кеңеш |
15.04.2013-жыл |
|
|
Он Эки-Бел |
16.04.2013-жыл |
|
|
Өзгөн району |
||
|
Дөң-Булак |
15.04.2013-жыл |
|
Жалал-Абад облусу
|
Чаткал району |
||
|
Терек-Сай |
15.04.2013-жыл |
|