25.04.2021 №123 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз, Ильич, А.Дүйшеев, Боролдой, Чоң-Кемин, Кызыл-Октябрь, Чым-Коргон жана Алмалу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз, Ильич, А.Дүйшеев, Боролдой, Чоң-Кемин, Кызыл-Октябрь, Чым-Коргон жана Алмалу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Кемин районунун Ак-Түз, Ильич, А.Дуйшеев, Боролдой, Чоң-Кемин, Кызыл-Октябрь, Чым-Коргон жана Алмалуу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 51, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясыны  2021-жылдын 15-апрелиндеги

- Ак-Түз айылдык кеңешинин

- Ильич айылдык кеңешинин

- А.Дуйшеев айылдык кеңешинин

- Боролдой айылдык кеңешинин

- Чоң-Кемин айылдык кеңешинин

- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

- Чым-Коргон айылдык кеңешинин

- Алмалуу айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.   Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.  Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-апрели

№ 123