№52 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 33 токтому менен 2019-жылдын 17-апрелине дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 17-апрелиндеги Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын шайланган мэри болуп Халматов Мухтаржан Маматжанович табылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 26-апрели
№ 52
№ 52