"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүн, “2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ыйгарым укуктарынын, статусунун жана ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3, 4 – пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (№1, 2 тиркемелер).
2. Эл аралык байкоочунун күбөлүктөрүн даярдоо иштерин аккредитация боюнча келип түшкөн арыздарга ылайык Шайлоо технологиялар бөлүмү уюштурсун.
3. Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 8-сентябры
№ 245