19.05.2021 №239 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлдү.
Бишкек шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзѳт. Бишкек шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 228 шайлоо участкасы түзүлгѳн.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны бардыгы болуп 419 901 адамды түзгѳн, алардын ичинен добуш берүүгѳ 134 058 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 31,93% түзѳт.
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышуу үчүн 25 саясий партия катталган.
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде Бишкек шаарынын шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо процессинин субъекттеринен 107 даттануулар жана арыздар, анын ичинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун алкагында келип түшкѳн билдирүүлѳр келген.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) тарабынан үй жана кварталдык комитеттердин тѳрагаларынын добуш берүү процессине кийлигишүүсүнѳ байланыштуу добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жыйынтыктары 7 УШКда (№1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312), ал эми участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан 3 УШКда (№1027, 1051, 1157) жараксыз деп табылган.
Бишкек АШКнын даттанууларды жана арыздарды кароосунун натыйжасында 2 УШКда (№1158, 1343), шайлоо бюллетендеринин санынын идентификациядан ѳткѳн шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу 5 УШКда (№1027, 1116, 1153, 1217, 1251) добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.
Бишкек АШКнын 2021-жылдын 19-апрелиндеги №42/5 чечими менен шайлоо мыйзамдарын бузуу жѳнүндѳ «Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы» (мындан ары – «КЭДП» саясий партиясына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынан жана Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ИИБдан келип түшкѳн материалдарга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо ушул саясий партия үчүн берилген шайлоочулардын добуштары менен бирге шайлоо бюллетендерин жараксыздарга киргизүү менен «КЭДП» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.
Чыгарылган чечимге макул болушпаган «КЭДП» саясий партиясынын тѳрагасы, ыйгарым укуктуу ѳкүлү, алты талапкери жана Бишкек шаарынын шайлоочулар тобу Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгаруу тууралуу даттануу менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 73 чечими менен Бишкек АШКнын 2021-жылдын 19-апрелиндеги №42/5 чечимин жокко чыгаруу тууралуу «КЭДП» саясий партиясынын даттануусундагы талаптарын канаатандыруудан баш тарткан.
Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 29-апрелиндеги чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 4-майындагы токтому менен шайлоо комиссияларынын кѳрсѳтүлгѳн чечимдери күчүндѳ калтырылган.
2021-жылдын 12-майындагы № 46/2 чечими менен Бишкек АШКсы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүгѳ таасир эткен бузуулар белгилүү болгондугуна байланыштуу 23 УШКда (№1033, 1034, 1035, 1037, 1038, 1039, 1061, 1062, 1115, 1124, 1125, 1129, 1130, 1131, 1132, 1206, 1230, 1303, 1304, 1307, 1308, 1356, 1357) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган.
«Эмгек партиясы» саясий партиясынын шайлоо мыйзамдарын бузган фактылары боюнча Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынан келип түшкѳн материалдарга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо, ушул саясий партия үчүн берилген шайлоочулардын добуштары менен бирге шайлоо бюллетендерин жараксыздарга киргизүү менен «Эмгек партиясы» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Бишкек АШКнын 2021-жылдын 12-майындагы № 46/3 чечими менен жараксыз деп табылган.
«Ак Бата» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары да, ушул саясий партия үчүн берилген шайлоочулардын добуштары менен бирге шайлоо бюллетендерин жараксызга киргизүү менен Бишкек АШКнын 2021-жылдын 12-майындагы № 46/4 чечими менен жараксыз деп табылган. Аталган чечим Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндѳ шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүгѳ таасир эткен «Ак Бата» саясий партиясы тарабынан бузуулар фактысынын тастыкталгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
2021-жылдын 12-майындагы №46/5 чечими менен Бишкек АШКсы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын бекиткен.
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтарына ылайык Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 134 058 шайлоочу катышкан.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануунун натыйжасында жараксыз деп таанылган добуштардын жалпы саны шайлоо участкалары боюнча жана үч саясий партия боюнча («КЭДП», «Эмгек партиясы» жана «Ак Бата») Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 60 351 добушту түздү, бул добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын жалпы санынын 45,02% түзѳт.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Бишкек АШКсы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык 2021-жылдын 12-майындагы №46/6 чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылган.
Борбордук шайлоо комиссиясына «Эмгек партиясы» саясий партиясынан, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана талапкерлеринен Бишкек АШКнын 2021-жылдын 1-майындагы №46/2, 46/3, 46/5, 46/6 чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу 3 арыз келип түшкѳн. Кийин «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн жана талапкерлеринин арызы чакыртылып алынган.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын арызын кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШКнын 2021-жылдын 12-майындагы №46/2, 46/3, 46/5, 46/6 чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу талаптарын канааттандыруудан баш тартылган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39, 40, 58- беренелеринин негизинде
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын «Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу жөнүндө» 2021-жылдын 12-майындагы № 46/6 чечими бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу канааттандырылсын.
3. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.
4. Укук коргоо органдары менен ѳз ара аркеттенүү ишинин жыйынтыктары боюнча аракеттери шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлердин кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбесин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-майы
№ 239