21.02.2020 №54 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 18-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №22 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кегети айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Медетов Калыс Самудинович, Сыдыков Чойбек Чолукович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 18-февралындагы протоколу менен Кегети айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын баардыгы катышып, К.С. Медетов - 13, Ч.Ч. Сыдыков–8 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 18-февралындагы протоколу менен Медетов Калыс Самудинович Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Медетов Калыс Самудинович Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Кегети айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 21-февралы
№54