“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Жашасын Кыргызстан” саясий партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 3-,6-7- пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,22-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкү саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы:
- Акматов Азамат Жусупбекович - шайлоо боюнча;
“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясы:
- Осмоналиев Муса Жунушбекович – финансы маселелери боюнча;
2. 2010-жылдын 15-августундагы №089, 2010-жылдын 12- августундагы №028 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Төмөнкүлөр саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы:
- Скрипкина Галина Анатольевна -шайлоо боюнча;
“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясы:
- Исаева Жаннат Сапаркуловна-финансы маселелери боюнча.
4. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
ТӨРАГАНЫН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУ Ж.АКМАТОВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 15 -сентябры
№251