№003 (Железнодорожный ш., РФ), №010 ( Екатеринбург ш. Башкы консулдук, РФ), №011 (Екатеринбург ш., РФ), №013 (Омск ш., РФ), №014 (Тюмень ш., РФ) шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжалары боюнча “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 22-беренесинин 2,5,7,8,10-пункттарынын, 23-беренесинин 5-пунктунун, 40-беренесинин 3,4-пункттарынын талаптарын бузууларга жол берилген, ал шайлоочулардын добуш берүү жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербейт. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында берилген шайлоочулардын негизги тизмесиндеги “шайлоо бюллетенин алгандыгы жөнүндө кол коюу” графасында добуш берген шайлоочулар үчүн негизинен ошол эле адамдар кол коюшкандыгы белгиленген, бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун адистеринин корутундулары менен тастыкталат (Адистердин корутундусу - №1-2623/01), мындан тышкары шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүүдө шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилген болчу.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 46-беренесинин 1-пунктун, 4-пунктунун а) пунктчасын, 5-пунктту, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктунун 3,6,28,30- пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1,3,4-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. №003 (Железнодорожный ш.), №010 ( Екатеринбург ш.), №011 (Екатеринбург ш.), №013 (Омск ш.), №014 (Тюмень ш.) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына бузууларга жол берген адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш 2010-жылдын 30- октябры
№327.