№147 Жалал-Абад облусунун Сузак, Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Сузак, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү М. Абдуллаевдин, С.А. Байтоковдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Мухтар комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кыргызбаев Мухтар Осмонович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Байтоков Сыдык Арзыгулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эсенбеков Руслан Эсенбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Конурбаевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                             

Бишкек ш., 2018-жылдын  18-июлу
№ 147