«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 6, 7-пункттарына, 19-беренесинин 2, 4, 6, 7-бөлүктөрүнө, 22-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-пунктуна, 10-бөлүктүн 1, 2, 10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобого, БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык, К.А.Саматовдун, Б.Ж.Сакимбаевдин, Д.А.Жабакеевдин, Р.А.Джусупбекованын, З.Э.Осоналиеванын, Т.Н.Задохинанын, Ш.Д.Максымалиевдин, Б.А.Кожомкулованын, Н.А.Асанбековдун, К.С.Айтиееванын, А.М.Мураталиеванын, М.О.Пиназаровдун, А.Мирзалимовдун, Ж.Ч.Абдурасуловдун, Т.Чолпонбаевдин, А.Сулаймановдун, Осмон кызы Дамиранын, Ч.С.Керимованын, К.Исабековдун, С.С.Сыдыканованын, М.Ш. Арыкованын арыздарынын, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги токтомунун, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Саматов Казымбек Асанбекович чыгарылсын – «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан.
2. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Сакимбаев Бакытбек Жолдошбекович, Жабакеев Дантес Алтымышович, Джусупбекова Раиса Акимжановна, Осмоналиева Зимура Эмильевна, Задохина Татьяна Ниловна, Максымалиев Шаршен Джумабекович, Кожомкулова Бегимай Азкатовна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Асанбеков Нуржигит Абдилатович чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү Карагулова Динара Мамарасуловна чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын курамынан Кулбаев Нурбек Иманкулович чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
5. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: Айтиева Кымбат Сайтбековна, Мураталиева Айсулуу Мураталиевна, Пиназаров Максатбек Орозматович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Мирзалимов Акматалы, Абдурасулов Жакшыбек Чырмашович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын резервине төмөнкүлөр киргизилсин: Кулмолдоев Жылдызбек Абсаматович, Фефлер Адина Александровна, Жоробеков Бактыбек Дарманович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Кулмолдоев Жылдызбек Абсаматович, Фефлер Адина Александровна, Жоробеков Бактыбек Дарманович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
6. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү Пайизов Пиримберди Эрибаевич (комиссиянын катчысы) чыгарылсын – «Республика» саясий партиясынан;
- резервден комиссиянын курамына Жусубалиев Эшболот Абидинович киргизилсин – «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан.
7. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Пахердинов Медетбек киргизилсин - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан.
8. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан төмөнкүлөр чыгарылсын: комиссиянын мүчөсү Чолпонбаев Темиркул – «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан; Сулайманов Аскарбек (комиссиянын төрагасы) – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына Саадакеева Сайнакуль Жумагуловна киргизилсин – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
9. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Осмон кызы Дамира – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан; Керимова Чынар Саламатовна – «Акшумкар» саясий партиясынан; Исабеков Карымшак, Арыкова Мыскал Шергазиевна, Сыдыканова Света Сейитбековна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
10. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 29-апрели
№ 56