№533 Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 430-Б буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Кушчубаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын              2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун  Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 11-декабрына дайындалсын жана саат             9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 23 - ноябры
№ 533