10.06.2021 № 386 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 230 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Болтуруков Омурбек Аяпбергенович, Сатыбалдиев Женишбек Болотович катталган. Талапкерлер Түп айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Түп айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, О.А. Болтуруков - 0 добуш,  Ж. Б. Сатыбалдиев – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Сатыбалдиев Женишбек Болотович Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 5-июнундагы Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Сатыбалдиев Женишбек Болотович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Түп айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 10-июну

№ 386