14.0.2021 №62 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Ж. Акматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

«Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмазбек Жумабекович каза болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмазбек Жумабековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмазбек Жумабековичтин күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.         

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                      

Бишкек ш., 2021-жылдын 14-марты
№ 62