31.10.20 №280 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 22-октябрындагы № 99-к буйругу менен Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Сыргабаев Абсаттар Токтогулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 27- октябрындагы № 100-к буйругу менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Кулматов Эделбек Маматкулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалсын жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалсын жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 31-октябры
№ 280