17.06.2021№ 491 2021-жылы 8, 9, 11, 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары

 

2021-жылы 8, 9, 11, 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 8, 9, 11, 12, 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  20-майындагы №242, 2021-жылдын 25-майындагы №317 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абдырахманов Уланбек Кадыркулович, Барыктабасов Улан Асангазыевич, Кожокеев Элдияр Базарбекович катталган. Талапкерлер  Чоң-Сары-Ой айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен                  Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып,                                 1 турда: У. К. Абдырахманов - 10 добуш, У.А. Барыктабасов – 4 добуш,                                      Э. Б. Кожокеев – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2 турда: У. К. Абдырахманов - 12 добуш, Э. Б. Кожокеев – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Абдырахманов Уланбек Кадыркулович Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдыкалыков Абайбек Курманович, Жумеков Эрлан Кемелович катталган. Талапкерлер Кара-Ой айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу мененКара-Ой айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А. К. Абдыкалыков - 5 добуш, Э. К. Жумеков – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Жумеков Эрлан Кемелович Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Сопуев Курманбек Момунбаевич катталган. Талапкер Бостери айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Бостери айылдык кеңешиндеги баардык 21 катышып, К.М. Сопуев – 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Сопуев Курманбек Момунбаевич Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Алыбаев Акылбек Казыевич, Момбеков Бактыбек Карыпович, Тентимишев Султан Таалайбекович катталган. Талапкерлер Семеновка айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Семеновка айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, А. К. Алыбаев - 0 добуш, Б. К. Момбеков– 11 добуш,  С.Т. Тентимишов – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Момбеков Бактыбек Карыпович Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жумабаев Данияр Туратбекович, Савданбеков Турдумамбет Джампеишович катталган. Талапкерлер Абдрахманов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Абдрахманов айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Д. Т. Жумабаев - 7 добуш, Т. Дж. Савданбеков– 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жумабаев Данияр Туратбекович Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Арыкпаев Алмаз Сыртбайевич, Орозакунов Бекжан Ногойбаевич катталган. Талапкерлер Кумбел айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Кумбел айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  А. С. Арыкпаев - 7 добуш, Б. Н. Орозакунов – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Арыкпаев Алмаз Сыртбайевич Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8, 9, 11, 12, 13-июнундагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Чоң-Сары-Ой жана Кара-Ой айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Бостери айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Семеновка айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Абдрахманов айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 13-июнунда өткөрүлгөн Кумбел айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8, 9, 11, 12, 13-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой,  Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Абдырахманов Уланбек Кадыркулович облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Жумеков Эрлан Кемелович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Сопуев Курманбек Момунбаевич Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Момбеков Бактыбек Карыпович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Жумабаев Данияр Туратбекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.7. Арыкпаев Алмаз Сыртбайевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Семеновка, Абдрахманов жана Кумбел айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 491