25.05.2021 №312 Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Бакайыр, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Бакайыр, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 17, 18, 19 жана 20-майында Талас облусунун Кара-Буура районундагы жаңы шайланган Маймак, Кара-Буура, Бакайыр, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Бакайыр, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы
№ 312