Жумушчу топтун Корутундуларынын жана Жумушчу топ тарабынан каралган материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 – беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманбаева Урмат Абдилашимовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Сунуштамасы кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманбаева Урмат Абдилашимовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманбаева Урмат Абдилашимовнанын №102 күбөлүгү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана У.А. Аманбаеванын өкүлүнө берилсин.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым А. Шайымкулова
укуктарын аткаруучу
Бишкек ш., 2015-жылдын 23-январы
№ 7