15.07.20 ж. №130 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20 жана 2020-жылдын 20-мартындагы №83 токтомдору..

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5,

2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20 жана

2020-жылдын 20-мартындагы №83 токтомдору менен бекитилген

айрым шайлоо учаткаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20 жана 2020-жылдын                 20-мартындагы №83 токтомдору менен бекитилген айрым жергиликтүү кеңештердин аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Жалал-Абад облусунун            Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун, Баткен облусунун Баткен шаарындагы, Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун, Чүй облусунун Сокулук районунун, Ош облусунун Араван районунун кээ бир жергиликтүү кеӊештеринин аймагында 26 жаӊы шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын алкагында аймактык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас областтарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
  2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен бирге шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү  иштерин  жүргүзсүн.
  3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жаӊы түзүлгөн шайлоо участкаларына участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.
  4. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды  өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды  өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

                Төрага                                                                            Н. Шайлдабекова

 

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 15-июлу

№ 130