2013-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 110 токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү.Келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2013-жылдын 17-июлундагы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.1 Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2 Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын шайланган мэри деп табылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчыcына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. Д. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 26-сентябры
№ 153