Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдон келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун
шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Шевченко Кирилл Олегович, 1987-жылы туулган, “K2 Corporation” ЖЧКнын консультантөсерепчиси;
- Отунчиев Аскат Аскарович, 1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Отунчиев Аскар Акматович, 1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Ниязова Джылдыз Шайлообековна, 1984-жылы туулган, Сорос-Кыргызстан фондусунун финансылык колдоосу алдында Медициналык укукту жылдыруу боюнча долбоордун жетекчиси;
- Кыдырбаев Адилет Уланович, 1989-жылы туулган, “К2” консалтинг агенттигинин бизнес-серепчиси;
- Бообеков Эмир Замирбекович, 1988-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Жунусова Зарема Кубанычбековна. 1988-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Ибраимов Тагай Шараевич, 1962-жылы туулган, “Чал-Куйрук” ЖЧКнын директору;
- Исаев Илияз Сүйүнтбекович, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-ж. 17-августу
№ 132