25.07.2020 ж. №140 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38-токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38-токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүү жана гармонизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы

№ 38-токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жобонун мамлекеттик тилдеги редакциясында 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«- соттун ѳкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндѳ жаза ѳтүүдө;»;

- 21-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Мындай арыздарды УШК токтоосуз түрдѳ тийиштүү чараларды кѳрүүсү үчүн АШКдагы БШКнын тийиштүү тутумдук администраторуна берет.»;

- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Шайлоочу ошондой эле «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө укуктуу. Арызды электрондук форматта берүү тартиби өзүнчө жобо менен аныкталат.»;

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болуп калган учурда УШКнын мүчөсү шайлоочуну «Тизме» мамлекеттик порталы аркылуу издейт.

Эгерде шайлоочу шайлоо участокко тиешеси жок болсо, анда УШКнын мүчөсү БШКнын тийиштүү АШКдагы тутумдук администратору менен биргеликте шайлоочуга шайлоо процессинде колдонуучу маалыматтык тутумдардын жана маалыматтар базаларынын негизинде паспортундагы белгисине ылайык шайлоо участогун аныктоого жардам берет.

Шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүп, бирок шайлоочулардын жалпы тизмесинде шайлоочу жок болгон учурда, УШКнын мүчөсү шайлоочуга шайлоочулардын тизмесине киргизүү тартибин түшүндүрөт, биометрикалык каттоосу жок болгон учурда биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жакын жайгашкан биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттарынын даректерин берет.»;

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«23. Шайлоочулардын тизмесинде ар кандай катаны же так эместикти тапкан учурда шайлоочу ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча арыз берүүгө укуктуу.

Эгерде шайлоочу паспортундагы белгиси боюнча бекитилген схемаларга жана чек-араларга ылайык шайлоо участокко тиешелүү болсо тиешелүү УШК тарабынан 1-формадагы арыз кабыл алынат.

Шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирген учурда шайлоочу тийиштүү УШКга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык 2-форма боюнча арыз берет.

Бир эле калктуу конуштун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө жол берилбейт жана мындай арыздар шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынбайт. Эрежеден тышкары шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандарды идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналарды тейлөө боюнча жумушка тартылган адамдар, шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери, байкоочулар, талапкерлердин/саясий партиялардын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү үчүн 2-формадагы арыздарды белгиленген мөөнөттө берген шартта бир калктуу конуштун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

УШКдагы шайлоочулардын саны мыйзамда белгиленген шайлоочулардын максималдуу санына жеткен учурда, шайлоочуга ыңгайлуу болгон жакынкы шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүү жөнүндө арыз берүү сунушталат.

Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочулардын тизмесинде өзгөртүүлөр актуализациялоо тартибинде жүргүзүлөт.»;

- 25-пунктун экинчи абзацы «жарандын паспортунда жашаган жери жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «каттоо» деген сөз менен толукталсын;

- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«26. Идентификациялоо оператору ушул Жобонун 7 жана 8-тиркемелерине ылайык шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун жыйынтыктары боюнча арыздардын жыйынды реестрин түзүп, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү үчүн аларды АШКдагы тутумдук администраторуна жөнөтөт.

Жыйынды реестрге шайлоочулардын өз колу менен толтурулган жана кол койгон арыздары, шайлоочунун идентификациядан өткөн чектер жана паспорттордун көчүрмөлөрү тиркелет.»;

- 29-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;

- 30-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«33. ШЭБТге кирүү үчүн БШКнын ШЭБТ администратору АШКнын тутумдук администраторлоруна жеке логин жана пароль ыйгарат, ал пайдалануучуну иденттештирүүнү камсыздайт. Тутумга кирүү үчүн жеке паролду ШЭБТде биринчи жолу авторизациялоо учурунда өзгөртүүгө тийиш. Логин жана паролду үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, жарыялоого жол берилбейт. Пайдалануучулардын бардык аракеттери тутумда логдоштурулат.».

2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 25-июлу

№ 140