Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы / БШК) карап чыгуу үчүн төмөнкүлөр келип түштү:
1) БШКнын Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясындагы (мындан ары – АШК) атайын өкүлү Т. Омурзаковдун кызматтык каты.
2) Майлуу-Суу АШКнын 2013-жылдын 2- жана 3-майындагы чечимдери жөнүндө БШКнын дарегине А.Курманкуловдун, А.Токтогуловдун, К.Саитовдун, М.Касымовдун билдирүүсү.
3) Шаардык кеңештин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 18-мартындагы №45 токтому.
4) Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоого жана кайра шайлоого өздөрүнүн келбей калышынын себептери жөнүндө Майлуу-Суу шаардык кеңешинин «Ата-Журт» партиясы фракциясынын депутаттарынын түшүндүрүүлөрү.
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомун аткаруу иретинде кабыл алынган Майлуу-Суу АШКнын 2013-жылдын
2- жана 3-майындагы чечимдери.
6) «Ата-Журт» партиясы фракциясынын 14 депутатынын жана «Замандаш-Современник» партиясы фракциясынын депутаты З.Каратаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БШКнын дарегине Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 15 депутатынын талабы.
7) Башка тиркелген документтер (кайрылуулар, протоколдор, соттук актылар ж.б.).
Борбордук шайлоо комиссиясы сунуш кылынган материалдарды карап чыгып жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 26-пункттарына, 2-бөлүктүн 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу АШКнын 2013-жылдын 2- жана 3-майындагы чечимдери шаардык кеңештин төрагасынын талапкерлиги боюнча соттук талаштар аяктаганга чейин БШК шаардын мэрин шайлоону жокко чыгарбагандыгына байланыштуу Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоого жана кайра шайлоого шаардык кеңештин
15 депутатынын келбей калышын жүйөөлүү деп табышы жагынан негизсиз жана туура эмес кабыл алынган.
2. 4 депутатын аракеттерин (шаардык мэрин кайра шайлоого келбей калышын) шаардык кеңешти мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн негиз деп табуу жана ушул
4 депутат Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкер болуп катталышы мүмкүн болбогондуктан, аларды талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу негизсиз жана туура эмес болуп саналат.
3. Майлуу-Суу АШКнын 2013-жылдын 2-майындагы чечими жокко чыгарылсын, буга А.К.Курманкуловго, А.Т.Агабековго, А.Р.Джураевге тиешелүү бөлүктөрү кирбейт.
4. Майлуу-Суу АШКнын 2013-жылдын 3-майындагы чечими жокко чыгарылсын, буга А.Т.Агабековго, А.Р.Джураевге, К.А.Асановага тиешелүү бөлүктөрү кирбейт.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Майлуу-Суу АШКга жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы
№ 75