Ат-Башы, Нарын, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө Р.Т. Абдылдаевдин, Б.Т. Жолочиевдин, Т.К. Төлөгөновдун, Э.К. Жусупбаеванын арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдылдаев Руслан Токтокадырович (комиссиянын төрагасы) чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыракунов Токторбай Орозбекович киргизилсин.
2. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жолочиев Бакытбек Турусбекович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Төлөгөнов Туратбек Курманбекович (комиссиянын катчысы) чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сейткожоев Шербай Керимович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Талипов Кумарбек Касенович киргизилсин.
3. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жусупбаева Элмира Курбанбаевна (комиссиянын төрагасы) чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джусупов Кыялбек киргизилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-январы
№ 13
2015-жылдын 27-январында жарыяланды