Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияcынын курамынан чыгаруу жөнүндө Б.А. Жыргалбаевдин, Б.М. Сыдыкбековдун арыздарынын, ошондой эле Кара-Буура райондук сотунун 2015-жылдын 9-январындагы (Иш № АП-16/15.Т2) токтому менен У.М. Бекботоев Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 400-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып жана ага карата 10 000 (он миң) сом өлчөмүндөгү айып салынгандыгынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Замандаш-Современник» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жыргалбаев Бейшенбек Асантурович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сыдыкбеков Болотбек Мукашович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Бараканов Калыбек Камчыбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мураталиев Улан Бейшеналиевич киргизилсин.
2. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекботоев Уран Молдалиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Керманалиева Гүлнара Джамангуловна киргизилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-февралы
№ 17
2015-жылдын 11-февралында жарыяланды