№13 2018-жылдын 28-январында дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
1) Пак Сунджин, Кореялык эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору;
2) Мо Джиын, Кореялык эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) программалык менеджери.
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24-январы
№13