№66 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколун бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Көк-Ой айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 3 шайлоо участкасы түзүлгөн. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 35 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 1825ди түзүп, анын ичинен 929 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 50,9% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, №4121, №4122, №4123 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана Көк-Ой айылдык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 27-майы 
№ 66