14.09.2020 ж. № 217 Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы бош калган депутаттык мандатты саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандатты саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 43/40 чечими бекитилсин.
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абад шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2020-жылдын 14-сентябры
№ 217