2013-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 106 токтому менен дайындалган төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өткөрүлдү: Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн; Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн.
Аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-,
24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 28-июнундагы Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
3. Акматов Мелисбек Рашатович Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4. 2013-жылдын 28-июнундагы Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5. Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
6. Омуралиев Жыргалбек Жакыпович Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
7. 2013-жылдын 28-июнундагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
9. Жыргалов Эрлан Шабданбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
11. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
12. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д. Максутбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 04-июлу
№ 114