№175 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 129-т буйругу менен Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Ашымов Канатбек Бусурманкулович, Бурана айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-августундагы №27 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 75 буйругу менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Айбалиев Болот Касенович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ормотоев Жапарбек Акбарович каза болгондугуна байланыштуу Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № Б-15/VI кызматтан бошотуу жөнүндө буйругу кабыл алынды.
 “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 5-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 
2.Чүй ,Түп жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 
        

ТӨРАГА            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 17 - сентябры
№ 175