28.04.2021 №152 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун
Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Нарын шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 21 шайлоо участок түзүлгөн. Нарын шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 9 саясий партия катталды, анын ичинен 7 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан, «Улуу Кыргызстан» - 12,75% (5 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 12,45% (4 мандат); «Ыйман-Нуру» - 11,01% (4 мандат); «Республика» - 9,41% (3 мандат); «Ордо» - 14,37% (5 мандат); «Бийлик Элге» - 14,86% (5 мандат); «Патриот ынтымагы» - 13,32% (5 мандат). Шайлоочулардын саны 31005 түзүп, анын ичинен 11550 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 37,25% түзөт.
Нарын облусунун Нарын шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына 1, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 10 арыз келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 21 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 20-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Нарын шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 28-апрели
№ 152