25.05.2021 №309 Чүй облусунун Сокулук районунун Джаңы-Пахта, Камышановка, Төмөнкү-Чүй жана Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Сокулук районунун Джаңы-Пахта, Камышановка, Төмөнкү-Чүй жана Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 15 жана 17-майында Чүй облусунун Сокулук районунун жаңы шайланган Джаңы-Пахта, Камышановка, Төмөнкү-Чүй жана Гавриловка айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Джаңы-Пахта, Камышановка, Төмөнкү-Чүй жана Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин - Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы
№ 309