04.12.20 №391 Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 3-декабрындагы № 324-б, буйругу менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Курманкулов Раимберди Аалыевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 23-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 4-декабры
№ 391