04.02.2020. №31 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-августтагы №117 күчүнө кирген Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы №183 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2.3.-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды маалымдоо үчүн маалыматтык тактада ири шрифт жана (же) Брайль шрифтин колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылат.»;
2) Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 2.3-1.-пункт менен толукталсын:
«2.3-1. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде:
- ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун,
- жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин,
- имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин,
- эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы),
- төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыз болууга тийиш.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн кабиналар жана урналар), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү эске алуу менен жайгаштырылышы керек.
Добуш берүү үчүн кабиналар кресло-колясканы пайдаланган шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши керек жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупа ж.б.), кошумча жарыктандыруу, стул, атайын трафарет менен жабдылууга тийиш.»;
3) 3.2.-пунктта:
- экинчи абзац алып салынсын;
- алтынчы абзацта “саноочу үкөктү тейлеген” деген сөздөрдөн кийин “шайлоочуларды идентификациялоого жооптуу (мындан ары - оператор)” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 3.7.-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү – оператор жана/же ишке тартылган оператор шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт.»;
- экинчи абзацта “биометрикалык жана” деген сөздөрдөн кийин “(же)” деген сөз менен толукталсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«-ушул шайлоо участогунда ошол учурга карата идентификациялоодон өткөн жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек алган шайлоочулардын жалпы саны;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- идентификациялоодон өтүүчү шайлоочунун сүрөтү;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.”;
5) 3.10.-пункттагы “жарандын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорту” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 3.15.-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүндүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам шайлоочунун эркин билдирүүсүнө толук ылайык келген аракеттерди жасоого милдеттүү.”;
7) 3.16.-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саатта аймактык шайлоо комиссиясына берилет, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына киргизет жана алынган маалыматтарды автоматтык түрдө жарыялайт. Берилген чектердин санына негизденген добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо участкалары жабылгандан кийин, бирок бюллетендер менен урналар ачылганга чейин берилет.”;
8) 3.21.-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, эгер алар шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаса, ага өзүнүн жайгашкан жери боюнча алардын убактылуу турган жери кирет; иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар өзүнүн турган жери боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.”;
- экинчи абзацта "бир календардык күн калганда" деген сөздөрдөн кийин "саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде" деген сөздөр менен толукталсын;
- жетинчи абзацта “оператор менен биргелешип” деген сөздөр “оператор жана/же ишке тартылган оператор” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигинин кесепетинен же ден соолугунун абалы боюнча шайлоо бюллетендерин алууда өз алдынча кол коё албаса же шайлоо бюллетенин толтура албаса, ал ушул Жобонун 3.15-пунктунун 2-абзасында каралган тартипте башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укукту.”;
9) 4.6.-пункттагы “шайлоо бюллетендерин” деген сөздөрдөн кийин “милдеттүү” деген сөз менен толукталсын;
10) 4.8.-пунктта төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20дан кийин, бирок саат 21ден кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор добуш берилүүчү жайда турган саясий партиялардын талапкерлеринин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.”;
11) 4.12.-пунктта төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Арткы бетинде белгини, сызыкты же алардын мазмунуна карабастан башка жазууларды камтыган бюллетендер жараксыз деп таанылбайт.”;
12) 4.17.- пунктта “Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулат” деген сөздөр “Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол ушул Жобого тиркемеге ылайык формада шайлоо комиссиялары тарабынан эки нускада толтурулат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 4.18.-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4.18. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз түрдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышып олтурган бардык өкүлдөрүнүн алдында угуза окуйт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары угуза окулгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен жөнөтүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жаңылыш толтурулган учурда комиссия тийиштүү акт түзөт, ал да сканерленет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жаңы толтурулган жана кол коюлган протокол менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн, сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгына шайкештиги текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.”;
14) 4.19.-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4.19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, шайлоо бюллетендерин кошуп алганда шайлоо документтери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан добуш берүү күнүнөн кийинки күндөгү таңкы саат 6дан кечиктирбестен, токтоосуз талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.”;
15) 4.23.-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин алгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук түрдө аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин басып чыгарат жана участкалык комиссияларынын жайынын алдына илүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясына жиберет.
Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси же мөөр менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү 3 календардык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясынын жайларынын алдында стенддерге илинет.”;
16) 5.1.-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5.1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун кол коюлгандан кийинки биринчи нускасы шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиялары түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын баштапкы жана жыйынтык протоколдору, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёт участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан добуштарды саноо учурунда катышкан талапкерлердин, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда добуш берүү күнүнөн кийинки күнү эртең мененки саат 6дан кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз түрдө жеткирилет жана акт боюнча өткөрүп берилет.
Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы ар бир участкалык шайлоо комиссиясы боюнча шайлоо документтерин кабыл алууга жооптуу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн күн мурунтан аныктайт. Шайлоо документтерин жана жабдыктарды кабыл алуу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу жайда жүргүзүлөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан аныкталган жайга келип, автоматтык эсептөөчү урналарды, идентификациялоо боюнча жабдыкты тутумдук администраторго өткөрүп, автоматтык эсептөөчү урналар боюнча маалыматтарды текшерүүгө тийиш. Андан кийин участкалык шайлоо комиссияларынын мурдатан илген тизмелерине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасын, аймактык шайлоо комиссиясынын тийиштүү мүчөсүнө, төмөнкү шайлоо документтери менен тапшырышат:
- автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн баштапкы жана жыйынтык протоколдорун;
- жайдан тышкары добуш берүүнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчётторду;
- добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчётторду;
- актыларды;
- реестрлерди;
- участоктук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколун;
- даттанууларды (арыздарды), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, актыларды.
Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ичинде ар бир талапкер, саясый партия жана “Баарына каршы” позициясы боюнча иргелген шайлоо документтери, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясы чечими менен жараксыз деп тапкан шайлоо бюллетендери салынган өзүнчө пачкалар, керектен чыгарылган бюллетендер, шайлоочулардын тизмелери, оператор тарабынан берилген идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектер бар мөөр басылып бекитилген кутуну кабыл алат.
Кутуда шайлоо участкасынын номуру жана ичинде болгон документтердин тизмеги көрсөтүлөт. Куту участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөр басылып бекитилет. Пакет, куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.”;
17) 5.19.-пунктта “бир” деген сөз “эки” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 4-февралы
№ 31