18.11.2020 №348 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер К.С. Асановдун мурда сунуш кылган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө 2020-жылдын 17-ноябрында кир. № 01-06/3358 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы № 341 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усекеева Атыргул Шаршенкадыровнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

 

2. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усекеева Атыргул Шаршенкадыровнага берилген № 54 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Абдыкасымова Гульзат Тилекматовна катталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-ноябры

№ 348