Жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашыруу жана добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесинин 1, 2, 6-бөлүмдөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнө таянып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере турган шайлоочулардын тизмесинин формасы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере турган шайлоочулардын тизмесинин формасы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
3. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын тизмеси, Реестрдин негизинде ар бир добуш берүү үчүн көчмө үкөктөргө өзүнчө ушул токтом менен бекитилген форма боюнча түзүлөт жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысынын колдору менен күбөлөндүрүлөт.
4. Добуш берүү күнү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере турган шайлоочуларды идентификациялоо жалпы бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш бере турган шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндөгү бардык чектер (актылар) шайлоочулардын тизмеси менен кошо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктагандан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына өткөрүлүп берилет, бул боюнча тийиштүү акт түзүлөт.
5. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочуга тийиштүү маалыматтарга ылайык шайлоочунун тушундагы “өзгөчө белгилер” деген мамычага “добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.
6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 29 сентябрь 2015-жыл
№ 162
2015-жылдын 29-сентябрында жарыяланды