11.06.2021 № 401 2021-жылы 2, 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 2, 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 223 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Ноокен районунун Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Алыкулов Шергазы Мухтарович, Калдаров Кошойбек Давитбекович, Еркулов Канжарбек Кубанычбекович катталган. Талапкер Ш. Алыкулов Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, талапкерлер                      К. Калдаров, К. Еркулов Шайдан айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Шайдан айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: Ш. Алыкуловго – 7 добуш,                  К. Калдаровго – 3 добуш,  К. Еркуловго – 10 добуш, 1 жараксыз бюллетени;               2 турда: Ш. Алыкуловго – 9 добуш, К. Еркуловго – 12 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Еркулов Канжарбек Кубанычбекович Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Эшенкулов Жаныбек Турдумаматович, Нарматов Азамат Эгембердиевич, Нурмаматов Данияр Нурмаматович катталган. Талапкер             Ж. Эшенкулов Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, талапкерлер А. Нарматов, Д. Нурмаматов Шайдан айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Масы айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1 турда: Ж. Эшенкуловго – 11 добуш,            А. Нарматовго – 15 добуш, Д. Нурмаматовго – 5 добуш;  2 турда:                                  Ж. Эшенкуловго – 14 добуш, А. Нарматовго – 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Нарматов Азамат Эгембердиевич Масы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Осмонов Алимбек Гуламжанович, Байчубакова Дамира Кубанычбековна, Масиров Шайырбек Маматкулович катталган. Талапкерлер Сакалды айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Сакалды айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А. Осмоновго – 20 добуш, Д. Байчубаковага – 0 добуш, Ш. Масировго – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Осмонов Алимбек Гуламжанович Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 2, 3-июнундагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                   29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 2-июнунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан, Масы жана 2021-жылы 3-июнунда Сакалды өткөрүлгөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2, 3-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Еркулов Канжарбек Кубанычбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Нарматов Азамат Эгембердиевич Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Осмонов Алимбек Гуламжанович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 401