№146 2018-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү .....
2018-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-июнундагы № 129 токтому менен 2018-жылдын 10-июлуна дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Учкун,Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толукайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Нарын жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Омуралиев Осмонбек Исмаилович табылсын.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Орокбаев Нурзамат Таалайбекович табылсын.
3. Нарын жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовгожүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 18- июлу
№ 146