«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 4 - бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9- августундагы №188 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдардын тизмелери жана о чектери бекитилсин
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына 2011-жылдын 24-августуна чейин жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш.. 2011-жылдын 12-августу
№178