10.08.20ж. № 160 Каракол, Ат-Башы жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Каракол, Ат-Башы жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Каракол, Ат-Башы жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Э.У. Чымыровдун, У.Т. Алиевдин, Патта кызы Д. комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чымыров Эрмек Уркалиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиева Джамила Усуповна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алиев Урмат Темирбекович, “НУР” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алакунов Бактыбек Абиркулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

    көрсөтүлгөн Сабитакунов Космос Асанович, Ажыбаев Талантбек Темирбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-      жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн   Патта кызы Динара комиссиянын курамынан чыгарылсын;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекаева Зылалай Азамкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 Төрага                                                                                                                   Н. Шайлдабекова        Бишкек ш., 2020-жылдын 10-августу

№ 160