Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 122 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 20-ноябрында; Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка, 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 124 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Өзгөн, Талас, Түп, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2014-жылдын 20-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
- 2014-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
- Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 8-декабры
№ 131
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 8-декабрындагы
№ 131 токтомунун тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Ош облусу Өзгөн району |
||||
|
Кайра шайлоо |
||||
|
1. |
Чангет |
Эшиев Торобек Саматович |
20.11.2014-ж. |
|
|
Талас облусу Талас району |
||||
|
2. |
Бекмолдо |
Абдыкадыров Токтогул Мырзакулович |
25.11.2014-ж. |
|
|
Ысык-Көл облусу Түп району |
||||
|
3. |
Михайловка |
Отунчиев Талайбек Акматович |
25.11.2014-ж. |
|
|
Жети-Өгүз району |
||||
|
4. |
Тамга |
Алымбеков Джаанбай Урсейитович |
25.11.2014-ж. |
|