№512 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
1) Наджафи Али Хошруди, Ислам Кеңешинин Маджлисинин депутаты;
2) Мохаммед Реза Раффат Панах, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары;
3) Хоссейин Мохаммед, Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңешинин Меджлисинин депутаты;
4) Джу Юн Джонг, KOICA уюмунун өлкө боюнча директорунун орун басары;
5) Хам У Сок, Кореялык эл аралык кызматташтык агенствасынын өкүлчүлүгүнүн менеджери (KOICA);
6) Мустафина Сабила Сапаровна, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы (КМШ Миссиясы);
7) Гулиев Этибар, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
8) Шахбазов Илкин оглы, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
9) Иида Хитоми, Кыргыз Республикасындагы Жапониялык эл аралык кызматташтык агентигинин кызматкери (JICA).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 12-октябры
№512
Бишкек ш., 2017-жылдын 12-октябры
№512